3D үлгүлөрү телефонуңузда же планшетиңизде көрүңүз
mozaik3D билим берүү тиркемесин жүктөп алып, смартфонуңуздан же планшетиңизден 1300дөн ашык билим берүүчү 3D үлгүлөргө кирүү мүмкүнчүлүгун алыңыз. Аларды колдонуу аркылуу, үйдөн өз алдынча окуу процессин, кызыктуу жана оңой кылыңыз.
Планшет жана телефон үчүн билим берүүчү тиркемелер
Акысыз колдонуп көрүңүз
Биздин тиркемени колдонуп көрүп, белек кутучасындагы белгиленген демо үлгүлөрдү ачыңыз. Эгер биздин демо-көрүнүштөрүбүз сизге жакса, акысыз колдонуп көрүү үчүн аккаунт ачыңыз. Андан соң, жума сайын өзүңүз каалаган 5 билим берүүчү 3D үлгүсүн ачуу мүмкүнчүлүгүн алыңыз.
Санариптик катталуубузду сатып алуу менен, сиз 1300дөн ашык 3D үлгүлөргө чектөөсүз кирүү мүмкүнчүлүгүн аласыз жана mozaweb.com медиатекадагы бардык элементтерди толук функцияналдуу түрдө колдоно аласыз (жүздөгөн видео сабактарды, билим берүүчү куралдарды жана оюндарды).
Бардык мектеп сабактар үчүн
Биз бул тиркемени биринчи кезекте 8-18 жаштагы мектеп окуучуларына сунуштайбыз. Тарых, технология, физика, математика, биология, химия, география жана сүрөт искусствосу боюнча интерактивдүү билим берүүчү үлгүлөр, үйрөнүү процессин кызыктуу саякатка айлантат. 3D үлгүлөр бир нече тилде жеткиликтүү болгондуктан, алар окуучуларга чет тилдерди үйрөнүүгө жана аларды практикалоого да сонун мүмкүнчүлүк берет.
Сейилдөө, баяндоо
Биздин интерактивдүү 3D үлгүлөрүбүздү каалгандай жылдырууга, чоңойтуп-кичирейтүүгө же алдын ала коюлган бурчтардан көрүүгө болот. Алдын ала аныкталган үлгүлөр, сизге татаал үлгүлөрдү оңой өздөштүрүүгө же түшүнүүгө жардам берет. Биздин 3D үлгүлөрдүн көбү кыскача баяндоолорду, анимацияларды, коштомо жазууларды жана кызыктуу анимацияланган викториналарды/суроолорду камтыйт. Кээ бир 3D үлгүлөрдүн виртуалдык джойстиги бар, б.а., сахнаны өз алдынча изилдөөгө мүмкүндүк берген "Саякаттоо" режими камтылган. Мисалы, телефонуңузду VR гарнитурасына коюу аркылуу байыркы Афинада, белгилүү Глобус театрында же Айдын бетинде саякаттай аласыз.
Виртуалдык чындык
mozaik3D тиркемеси Meta жана Pico тиркеме дүкөндөрүндө да жеткиликтүү. Тарых, технология, физика, математика, биология, химия, география жана көркөм искусство менен байланышкан 110дон ашуун интерактивдүү билим берүүчү 3D үлгүлөр виртуалдуу реалдуулуктун чыныгы тажрыйбасы менен камсыздап, окутууну алда канча кызыктуу окуяга айлантат. VRга кошулган 3D үлгүлөр ар дайым өркүндөтүлүп турат.
Виртуалдык реалдуулук мурдагыдай эле смартфонду VR шлемге кошкон учурда mozaik3D тиркемесиндеги ар бир 3D үлгүлөр жеткиликтүү болот.
Жүктөлүп алына турчу орноткуч топтомдор
Веб браузерде же атайын түзүлүштө 3D көрүнүштөрдү ачуу үчүн төмөндөгү плеерлердин бирин орнотуп алуу керек:
| Windows | Windows 8.1 же кийинки версиялары (64 бит) |
| Процессор | Intel Pentium, Core же AMD Athlon, Ryzen сыяктуу SSE2 колдогон x64 архитектурасындагы процессор |
| Видеокарта | DX10, DX11, DX12 колдоосу бар GPUs (2011-жылы чыккан жана андан кийинки версиялары) |
| Эс | 4 ГБ же андан көбүрөөк |
| Эс тутум мейкиндиги | Катуу диск мейкиндиги: кеминде 500 МБ бош орун |
| Кошумча талаптар | Расмий өндүрүүчүлөр тарабынан колдоого алынган жаңы аппараттык камсыздоочу драйверлер жана жаңы жана колдоого алынган Visual C++ Redistributable топтому |
| macOS | Mojave 10.14 опреациялык системасы же андан кийинки версиялары |
| Процессор | Apple Silicon процессору же SSE2 технологиясы же андан жаңыраак версиясы бар Intel процессору |
| Видеокарта | Metal колдоосу бар Intel же AMD GPU, MacBook Pro, MacBook Air (2012+) Mac mini, iMac (2013) Mac Pro (2014+) MacBook (2015+) |
| Эс | 4 ГБ же андан көбүрөөк |
| Эс тутум мейкиндиги | Катуу диск мейкиндиги: кеминде 500 МБ бош орун |
| Кошумча талаптар | Apple тарабынан колдоого алынган драйверлер |
| Linux | Ubuntu 20.04, Ubuntu 18.04, жана CentOS 7 же андан кийинки жаңы версиялары |
| Процессор | Intel Pentium, Core же AMD Athlon, Ryzen сыяктуу SSE2 колдогон x64 архитектурасындагы процессор |
| Видеокарта | OpenGL 3.2+, Vulkan колдоосу бар GPU |
| Эс | 4 ГБ же андан көбүрөөк |
| Эс тутум мейкиндиги | Катуу диск мейкиндиги: кеминде 500 МБ бош орун |
| Кошумча талаптар | Расмий өндүрүүчүлөр тарабынан колдоого алынган жаңы аппараттык камсыздоочу драйверлер |
| Android | Android 8.0 же андан кийинки версиялары |
| Процессор | ARMv7 же ARM64 архитектурасындагы процессор |
| Видеокарта | OpenGL ES 3.1 же ага шайкеш келген жаңыраак түзмөк |
| Эс | 2 ГБ же андан көбүрөөк |
| Эс тутум мейкиндиги | Катуу диск мейкиндиги: кеминде 500 МБ бош орун |
| iOS | iOS 13.0 же андан кийинки версиялары |
| Эс | 2 ГБ же андан көбүрөөк |
| Эс тутум мейкиндиги | Катуу диск мейкиндиги: кеминде 500 МБ бош орун |
| ChromeOS | ChromeOS R89 же андан кийинки версиялары |
| Процессор | ARMv7, ARM64, x86 же x86-64 архитектурасындагы процессор |
| Эс | 2 ГБ же андан көбүрөөк |
| Эс тутум мейкиндиги | Катуу диск мейкиндиги: кеминде 500 МБ бош орун |
| Виртуалдык чындык | |
| Meta Quest 2, 3, 3S жана Pro түзмөктөрү | |
| Pico Neo 3, 4, 4 Enterprise жана 4 Pro түзмөктөрү |



