Стоп-моушн (stop motion) анимациялары
Стоп-моушн (Stop-motion) техникасын колдонуп, анимацияларды жасаңыз. Тартылган ар бир кадр, өзүнчө тартылган кыймылсыз сүрөт болуп эсептелет. Программа кадрларды кесип же бириктирип, кыймылсыз сүрөттөрдү кыймылдуу сүрөттөргө айлантат. Программаны акысыз колдонуп көрүп, сиз каалаган темада видеолорду тартып жасаңыз. Эгерде сиз профессионалдуу анимацияларды жасагыңыз келсе, анда Cut n' Learn Animation Kits программасы менен таанышып көрүңүз.
Планшет жана телефон үчүн билим берүүчү тиркемелер
Cut n' Learn илимий анимация комплекттери
Cut n' Learn анимациялык комплекттеринин жардамы менен, балдар үйрөнүп жатканын байкабай эле кызыктуу илимий анимацияларды жасай беришет. Комплекттер бардык керектүү компоненттерди, илимий түшүндүрмөлөрдү жана инновациялык stop motion тиркемесин камтыйт. Сүрөт стабилизатору, балдарга өзүнчө штатив же кармагычсыз анимацияларды түзүүгө мүмкүндүк берип, каталарды жана башка алкактык тиркемелердеги кыйынчылыктарды жок кылат.
Үлгүнү орнотуу
Сүрөткө тартуу
Анимациялардан ырахат алыңыз
Футбол аянтчасы
Балдар, анимация жасоо учурунда координаталар системасын, тартылуу күчүн снаряддын кыймылын жана убакыт бирдиктерин бир калыпта үйрөнүшөт. Киргизилген сызгычтарды жана көрсөтмөлөрдү колдонуп, реалдуу шар кыймылын түзүп, координаттар менен объекттин абалын аныктоонун концепциясын үйрөнө алышат.
Анимациянын топтому, 1 фонду, эки 9 фазалуу фигураны, ар кандай шар ылдамдыгы үчүн 2 убакыт сызгычын жана шар траекториясы үчүн 2 вертикалдуу бийиктик сызгычты камтыйт.
Селкинчек тээп жаткан кыз
Кичинекей балдар, анимацияны жасоо учурунда, мезгил-мезгили менен кыймыл, проекция жана күч жөнүндө оңой үйрөнө алышат. Кошулган позицияны колдонуп, алар реалдуу селкинчектин кыймылын түзүп, координаттар менен объекттин абалын аныктоо түшүнүгүн, чекиттин горизонталдык проекциясын ээрчип, тегерек кыймылды сызыктуу кыймылга кантип айландырса болорун үйрөнө алышат.
Анимация топтомунда, бир фон, 3 фазалуу бир фигура жана позициялоочу диск бар.
Ички күйүүчү мотор/кыймылдаткыч
Балдар, анимация жасоо учурунда кыймылдаткычтын бөлүктөрдү, алардын иштөөсүнүн негизги фазаларын жана энергетикалык циклди бир калыпта үйрөнө алышат. Анимацияны ыңгайлаштырылган жазуулар жана кесилген кагаз жебелер менен толуктоого болот.
Анимация топтому, 1 фондон, 2 үч позициялуу клапандан, 1 эки позициялуу учкундан, 1 маховиктен, 1 поршеньден, 1 шатундан жана күйүүчү май, күйүүчү май аралашмасы жана чыккан газдарды чагылдырган түстүү шарлардан турат.
Жүрөктүн согушу
Балдар, анимация жасоо учурунда адамдын жүрөгүнүн түзүлүшүн, анын иштөө функциясын оңой өздөштүрө алышат. Анимациялар мындан тышкары, кан басымы, жүрөктүн кагышы, өпкөнүн функциясы жана жүрөк клапандарынын иштеши сыяктуу жалпы билимдерди өздөштүрүүгө жардам берет.
Анимациянын топтому, 3 фазалуу оң жана сол карынчаларды, 3 фазалуу оң жана сол дүлөйчөлөрдү, эки шарнирдүү атриовентрикулярдык клапандарды, 3 фазалуу аорта жана өпкө артерияларды, кычкылтексиз жана кычкылтектүү канды билдирген көк жана кызыл конфеттини камтыйт.
Суу айланпасы
Кичинекей балдар, анимацияны жасап жатып эле жер бетиндеги суу кыймылынын негизги процестери менен тааныша алышат. Анимация, булуттардын пайда болушу, буулануу, жаан-чачын (жамгырдын пайда болуу себептерин), күндүн күркүрөшү жана агын суулар сыяктуу темаларды козгойт. Кеңейтилген версияда, биз анимацияны буулантуу, сублимация жана өсүмдүктөрдүн азык заттарды сиңирүү сыяктуу процесстер менен толукталган.
Анимациялар топтому, булуттун 15 түрүн, күндүн 5 түрүн, бороондун формасын жана бууланууну билдирген көк жана ак конфетти кирет.
Шаар ичиндеги машина
Балдар, анимация жасоо учурунда ылдамдануу, бирдей кыймыл жана параллакс эффектиси сыяктуу темалар менен таанышып, анимациядагы бүктөлүүчү унаанын дизайнын жасоону үйрөнүшөт. Ошону менен бирге эле, алар анимацияга жөө жүргүнчүлөрдү, велосипедчилерди, иттерди, жада калса шарды киргизүү менен аны дагы кызыктуу кылып жасай алышат.
Анимация топтомунда, бүктөлүүчү 1 унаа, 2 дарак, рельстери бар 1 анимация фону, асман тиреген имараттары бар 2 фон, имараттын фасаддары бар 2 фон, тротуар менен 1 унаа жолу жана 2 жол тилкеси бар.
Жер-Ай системасы
Балдар, анимация жасоо учурунда Жер менен Айдын космосто кандайча кыймылдаарын, толгон айдан толук айга чейинки мезгил эмне экенин, эмне үчүн айдын бир гана жүзүн көрөөрүбүздү, күн менен түндүн алмашуу себебин, жана убакыт алкактарында эмнелер бар жана эмне үчүн бар экенин көрө алышат. Мисалыы, күн менен айдын тутулуусун көрүү үчүн анимацияга Күндү жөнөкөй прожекторду (жарыкты күчөткүч аспапты) кошуп, андан түшкөн көлөкөлөрдүн өзгөчөлүктөрүн байкоо салууга болот.
Анимация топтому, 1 бүктөлүүчү Жер фигурасын, 1 бүктөлүүчү Ай фигурасын, ар бир асман телосу үчүн бирден белгиленген стендди, жана 3 3D фонду бөлүктөн турат.
Бул кантип иштейт?
Кадам-кадамы берилген көрсөтмөлөр, анимацияны жасоого жардам берип, аны жаратуу процессинде көмөкчү болот. Ирээти менен белгиленген сандарды ээрчип, фигураларды керектүү жерге жайгаштырсаңыз. Эгер баары даяр болсо, сүрөткө тартып алып, кийинки кадамга өтө берсеңиз болот.
Илимий карточкалар
Бул комплект, ошондой эле, берилген илимий тема боюнча түшүнүктүү жана кызыктуу түшүндүрмөлөрү бар карточкаларды камтыйт. Бул барактан кесилген фигураларды карточкалардын артына чаптаса болот. Балдар бул карточкаларды чогултуп, өздөрүнүн энциклопедиясын түзө алышат.









