Куту
Сепетиңиз бош

Саны:
0

Баары:
0

Stripe

LabCamera

Видеону реалдуу убакытта анализдөө
LabCamera

LabCamera – бул илимий изилдөө жана маалыматтарды чогулткан веб-камера программасы. Ал окуучуларга жана мугалимдерге компьютер аркылуу илимий тажрыйбаларды жана изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Окуучулар аны класста же үйдө үй тапшырмаларын аткарууда колдоно алышат. Программа, дүйнөнү изилдөөгө чыгармачылык мамилени калыптандырууга жардам берип, окуучулардын илимге кызыгуусун ойготот жана экспериментке үндөйт.

Планшет жана телефон үчүн билим берүүчү тиркемелер

Мугалимдер жана мектептер үчүн жеңилдиктер

  • Табигый илимдерди окутуунун жаңы ыкмаларын жаңы сунуштайт
  • Табигый кубулуштарды жана процесстерди тереңирээк түшүнүүгө салым кошот.
  • Лабораториялык кымбат жабдууларга болгон муктаждыктарды жоюу менен чыгымдарды азайтат.
  • Табигый илимдердин дээрлик бардык тармактарында колдонулууга болот
  • Мугалимдердин ишин жеңилдетип, ишинин натыйжалуулугун жогорулатып, мотивациясын жогорулатат
  • Окуучулардын чыгармачылык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт
  • Сабактардын элементтерин айкалыштырууга мүмкүндүк берет
  • Мектеп менен мугалимдин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат
  • Өткөрүп берүү укугу бар мөөнөтсүз лицензия

Окуучуоар үчүн жеңилдиктер

  • Окуучулардын илимий кызыгуусун ойготот
  • Окуучулардын табийгый илимдер боюнча жетишкендиктерин жакшыртат
  • Кызыктуу окуу тажрыйбасын камсыз кылат
  • Абстракт түзүү жана маселелерди чечүү жөндөмдөрүн өнүктүрөт
  • Ийгиликсиздикте эмес, ийгиликке жетүүгө үйрөтөт.
  • Класста окуу жана үйдөн окуунун ортосундагы ажырымды жоет
  • Үй тапшырмаларды кызыктуураак кылат
  • Коопсуз эксперименттер үчүн шарттарды түзөт
  • Компьютерди жана күнүмдүк буюмдарды колдонуп, эксперименттерди тез жана оңой жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Таймлапс
Таймлапс

Таймлапс

Функция "Замедленной киносъемки" поможет вам наблюдать и понимать медленные процессы в природе, такие как образование и миграция облаков, таяние льда, рост растений и т. д.

Программа делает стоп-кадры через определенные интервалы времени, а затем воспроизводит записанные изображения как непрерывное видео. Вы также можете установить частоту записи и скорость воспроизведения.

Кинематика

"Кинематика" модулу, ар кандай денелердин кыймылына көз салып (позициясын, ылдамдыгын, ылдамдануусун), аларды реалдуу убакыт режиминде диаграммада көрсөтөт. Модуль реалдуу убакыт режиминде, веб-камерадагы же алдын ала тартылган видеодогу кыймылдарды талдай алат.

Программа бир эле учурда 3 объектке чейин көз салып, окуучуларга учурдагы кыймылдын өзгөчөлүктөрүн салыштырып, татаалыраак эксперименттерди жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Бул үчүн түстүү шарлар, оюнчук машиналар же шар сыяктуу күнүмдүк буюмдарды колдонууга болот.

Кинематика
Жашыруун камера

Жашыруун камера

"Жашыруун камера", жаратылышта сейрек кездешүүчү уникалдуу көз ирмемдерди тартып алууга мүмкүндүк берет. Камера кыймыл сенсору менен иштейт, б.а., камеранын алдында кыймыл байкалганда программа жаздырып баштайт.

Сиз болгону, кыймыл же иш-аракет боло турчу аймактын айлана-чөйрөсүн жана аныктоо сезгичтигин тууралап, жаздыруу баскычын басууңуз жетиштүү болот.

Микроскоп

Микроскоптун модулун колдонуп, сиз микроскопиялык изилдөөлөрдү жүргүзө аласыз же аралыктарды, бурчтарды жана аймактарды өлчөй аласыз. Веб камералар микроорганизмдерди изилдөөгө мүмкүндүк берүүчү макросүрөттөрдү да тарта алат. Ал ошондой эле имараттарды, көпүрөлөрдү же астрономиялык объекттерди өлчөй алат. Пропорцияларды, өлчөмдөрдү, өлчөө ыкмаларын үйрөтүү үчүн сонун курал болуп эсептелет.

Микроскоп

Универсалдуу каттоочу

Универсалдуу каттоочу, санариптик, радиалдык терүү же суюктукка негизделген дисплейге ээ болгон ар кандай өлчөө шаймандарынын маалыматтарын, өзүнүн камерасы аркылуу компьютериңизге "туташтырып" каттай алат. Универсалдуу катточуу, бир эле учурда үч өлчөө шайманын тааный алгандыктан, окуучуларга эксперименттерди бири-бирине салыштырып жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул программаны колдонуп, мектептер көптөгөн чыгымдарды үнөмдөй алышат.

Анткени модуль жаңы кымбат, компьютерге туташтырылган өлчөө шаймандары жок эле, салттуу өлчөө каражаттары менен санариптик маалыматтарды каттого, өлчөөгө мүмкүндүк берет.

Универсалдуу каттоочу
Жол тапкыч

Жол тапкыч

"Көз салуу" модулу, жандуу камерадагы же алдын ала тартылган видеодогу физикалык денелердин жана жаныбарлардын кыймылдарын талдап, андан соң аларды кыймыл картасында көрсөтөт. Программа, трафик картасында ачык түстөр менен тез-тез катталуучу маршруттарды белгилейт.

Модуль кыймылдап жаткан объектилердин же жаныбарлардын үлгүлөрүн көзөмөлдөө үчүн түзмөгүңүздүн камерасын колдонууга мүмкүндүк берет.

"График" оюуну

Ар кандай кыймылдарга көз салып, аларды алдын ала аныкталган ийри сызык менен салыштырган оюн тиркемелери менен графиктерди изилдеңиз. Болгону, кыймылдарыңыз менен ийри сызыктын багытын ээрчишиңиз керектелет.

Графикалык түрлөр камтылган: жакынкы алыскы, горизонталдуу-вертикалдык, объектилердин айлануусу жана объекттин айланасында камеранын айлануусу.