Куту
Сепетиңиз бош

Саны:
0

Баары:
0

mozaBook

mozaBook программасы, окуу куралдарыңызды ар тараптуу иллюстрациялар, анимациялар жана кызыктуу презентация мүмкүнчүлүктөрү менен кеңейтет. Кызыктуу интерактивдүү мазмундар жана жөндөмдөрдү өнүктүрүүчү, иллюстративдик жана виртуалдык лабораториялык тиркемелер, окуучулардын кызыгуусун ойготуп, билим алуусуна жардам берет.

mozaBook - эң мыкты тандоо

mozaBook - эң мыкты тандоо

Жөнөкөй жана интуитивдүү

mozaBook 2007-жылдан бери, мугалимдердин сын-пикирлерин эске алып келет. Натыйжада, программаны колдонуу оңой, жөнөкөй, жана функцияларды каалаган жерден табууга болот.

Социалдык

mozaBookта даярдалган дептерлерди жана жумушчу барактарды, мектептик же мамлекеттик деңгээлде бөлүшүүгө болот. Бул функция, мугалимдерге бири-биринин дептерлерин жана жумушчу барактарын класста көрүүгө жана аларды колдонууга мүмкүндүк берет.

Ар тараптуу

Медиатекабыздагы интерактивдүү мазмунду бир нече жөнөкөй кадам менен кошуп, mozaBook аркылуу PDF документтерин ачсаңыз болот. Жада калса, PDF файлдарын презентация катары колдонсоңуз, же аларды санариптик публикацияларга айлантсаңыз дагы болот. Ошентип, интерактивдүү санариптик китептерди колдонуу жана бөлүшүү үчүн колдонуучулар өздөрүнүн дептерлерин даярдай алышат.

Көз жоосун алган

Окуучулардын кызыгуусун арттырууга жардам берген mozaBook программасы, 1300дөн ашык интерактивдүү 3D үлгүлөрдү, жүздөгөн видео сабактарды, көптөгөн аудио файлдарды жана жумушчу барактарды камтыган медиатеканы колдонууга мүмкүнчүлүк берет.

Ийкемдүү

mozaBook программасын интерактивдүү такталарда да, компьютерлерде да колдонууга болот. Ал эми mozaBook колдонуучу интерфейси, ар кандай дисплейлерде иштеп, аларга ылайыкташа алат.

Көп тилдүү

mozaBook программасы, орнотулган тиркемелер, видео сабактар, интерактивдүү 3D үлгүлөр жана алардын кыскача сыпаттамалары, учурда көптөгөн тилдерде жеткиликтүү. Жана алардын саны күндөн күнгө кеңейүүдө.

Класста жана үйдө

Класста жана үйдө

Мугалимдер өздөрүнүн презентацияларын же китеп файлдарын интерактивдүү санариптик китептерге оңой эле айландыра алышат. Ал санариптик китептерди жана презентацияларды ар түрдүү сүрөттөр, чиймелер жана интерактивдүү 3D үлгүлөр менен толуктоого, ошондой эле, mozaBook программасында орнотулган Тест Редактордун жардамы менен ыңгайлаштырылган жумушчу барактарын да кошууга болот. Мындайча айтканда, 100дөн ашык тематикалык тиркемелер, алынган билимдерди тереңдетип үйрөнүүнүн уникалдуу ыкмасы менен камсыздап турат.

Программа, сенсордук экран функцияларын, жана колдонуучу интерфейс дисплейдин өлчөмүнө ыңгайлаша алгандыктан, аны интерактивдүү такталарда жана ноутбуктарда колдонууга болот.

mozaBookтун окуучуларга, мугалимдерге жана класста окутууга ыйлайыкташтырылган бир нече версиясы, веб-дүкөндө жеткиликтүү.

Өзүңүзгө тиешелүү санариптик китептер

Эгер мугалимде китептин PDF версиясы бар болсо, анда аны mozaBookта оңой эле ачып колдоно алат. Программа публикацияга киргизилген сүрөттөрдү автоматтык түрдө таанып, аларды бир басып чоңойтуп көрүүгө мүмкүндүк берет. Мугалимдер сабак учурунда чоңойтулуп көрсөтүлүшү керек болгон барак фрагменттерин, өз алдынча даярдап, сабак учурунда колдоно алышат. МozaBook, публикация тексттерин талдап, кандай интерактивдүү мазмун керек экендигин сунуштап турат. Мугалимдер, программа сунуштаган мазмундарды карап чыга алат, кабыл ала алат же четке кага алат. Ошондой эле, мугалим, медиатекадан, өздүк компьютеринен же Интернеттен алынган мазмунду (3D үлгүлөрдү, видео сабактарды, аудио материалдарды, сүрөттөрдү) колдонуп, аларды сабак учурунда оңой ачып, окуучуларга көрсөтө алат.

3D үлгүлөр

Интегралдык тиркемелер

mozaBook программасында, тематикалык mozaTools тиркемелери жеткиликтүү. Жөндөмдөрдү өнүктүрүүчү, иллюстрациялык жана практикалык тиркемелерден тышкары, бардык курактагы окуучулар үчүн виртуалдык лабораторияларды жана оюндарды табууга болот.

Онлайг үй тапшырма

Медиатеканын интерактивдүү элементтерин колдонуп, мугалимдер mozaBookта орнотулган Тест Редакторунда үй тапшырмаларды даярдай алышат. Окуучулар болсо, үй тапшырмаларды үйдө онлайн режиминде аткара алышат.

Жекелик веб-аккаунт

Мугалимдер, өздүк дептерлерин mozaWeb аккаунтуна жүктөй алышат. Жүктөлгөн дептерлерди, mozaBook программасы бар каалаган компьютерде ачууга болот. Дептерге киргизилген өзгөртүүлөр, эсебиңизге автоматтык түрдө сакталат. Класстык иштер жана үй тапшырма дептерлери, ар дайым шайкештештирилип турат.

Видео сабактар

Жаңы видео сабактар, орнотулган куралдарда жана оюн тиркемелеринде жеткиликтүү. Окуу куралдарын колдонуп, куралдар сунуш кылган бардык функциялар менен таанышыңыз, аларды кантип колдонууну тез үйрөнүңүз.

Тест редактору

Тест редактору

Алдын ала аныкталган тапшырма шаблондорунун кеңири спектрин колдонуп, укмуштуудай тапшырмаларды тез жана оңой даярдаңыз (бир жана бир нече тандоо, дал келтирүү, чынжырча суроолор, меткалар, таблицалар жана башкалар). Берилген жумушчу барактары, ар түрдүү суроолорду жана башка өзгөчөлүктөрдү камтышы мүмкүн. Мисалы, тапшырманын убактысы чектелүү болушу мүмкүн. Жумушчу барактарын ого бетер кызыктуу кыла турган, даяр дизайндарыбыз дагы бар.

Сүрөттөрдү, видеолорду же аудио файлдарды бар, ыңгайлаштырылган көнүгүүлөрдү даярдаңыз! Ошондой эле, 3D үлгүлөрүбүздөн жана mozaToolsдан автоматтык түрдө, алдын ала жазылган суроолорду импорттоого, аларды түзөтүүгө же аларды ошол бойдон калтырууга болот.

Өзүңүз даярдаган жумушчу барактарын, mozaBook публикациясынын беттерине же презентацияга киргизүүгө болот. Же болбосо, окуучуларга mozaWeb аркылуу үйдөн өз алдынча аткаруулары үчүн үй тапшырма катары жөнөтсөңүз дагы болот.

Куралдар жана оюндар

Кызыктуу дептерлер

MozaBook презентацияларынын барактарына стили боюнча топтоштурулган арткы фондорду коюуңуз. Дептериңизге терүү же жазуу аркылуу текст кошуп, сүрөт тартып же медиатекадан сүрөттөрдү, видеолорду жана 3D үлгүлөрдү кошуңуз. Дептерлерди mozaWeb аккаунтуна жүктөп, аларды mozaBook программасы бар каалаган компьютерден ачып колдонуңуз. Дептериңизге киргизилген өзгөртүүлөр, аккаунтуңузда автоматтык түрдө сакталгандыктан, мектепте да, үйдө да дептерлерңиз ар дайым синхрондоштурулуп/шайкештирилип турат.

Камтылган mozaBook анимация редакторун колдонуп, дептериңизде укмуштуудай анимациялык презентацияларды жасаңыз. Презентацияларды жасоодо, тексттерди, өзүңүздүн чиймелериңизди, сүрөттөрүңүздү, ошондой эле, медиатекадан алынган видеолорду, 3D үлгүлөрдү же башка интерактивдүү мазмундарды да колдонууга болот. Мазмун элементтерин көрсөтүүгө, жашырууга, камтылган анимация схемалары менен анимациялап, кайра колдонууга болот.

Сүрөт тартуу куралдары

Сүрөт тартуу куралдары

mozaBookтун чийме функциялары, жөнөкөй текстти тандоодон баштап, эркин сүрөттөр же татаал иллюстрацияларга чейин китептерди жана дептерлерди эркин иллюстрациялоого мүмкүндүк берет. Визуалдык куралдын интуитивдик колдонуучу интерфейси, кичинекей окуучулар үчүн да сүрөт тартууну жеңил жана кызыктуу кылат. Мамилелер диаграммасынын куралы, профессионалдуу көрүнгөн концепциялык карталарды оңой түзүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, сызгыч жана циркуль сыяктуу виртуалдык геометриянын куралдарын дагы так жана татаал чиймелерди жана диаграммаларды түзүү үчүн колдонсо болот.