Санариптик китептер
бардык платформалар жана түзмөктөр үчүн
Бул кантип иштейт?
Китеп барактарын жылдырууга болот; киргизилген сүрөттөрдү, фигураларды жана барак беттердин бөлүмдөрүн сапатын жоготпостон бир жолу басып эле чоңойтууга болот. Текстти издөө функциясы, китептерди колдонууга жардам берген бир нече навигация жана визуалдык функциялары дагы бар.
Публикациялар бир жолу басып эле ача турган, даяр кошумча материалдарды (мисалы, 3D үлгүлөрдү, видео сабактарды, аудиолорду, сүрөттөрдү, жумушчу барактарды) камтыйт. Колдонуучулар публикацияларды,өздүк кошумча маалыматтары менен дагы толуктай алышат.
Китептердеги 3D үлгүлөр
Китептерде каалагандай айлантып, өлчөмүн өзгөртүүгө оңой болгон 3D үлгүлөр бар. Көпчүлүк 3D үлгүлөр, билим алууга көмөкчү болгон, түшүндүрмөлөрдү, көмөкчү сыпаттамалары бар анимацияларды жана викториналык суроолорду камтыйт.
Көптөгөн 3D үлгүлөрдө, компьютер оюнуна окшош болгон көрүнүштөрдү изилдөөгө мүмкүндүк берген "Сейилдөө режими" бар. Смартфонуңузду колдонуп, виртуалдык көрүнүштөрдү изилдей аласыз. Ал үчүн телефонуңузду VR көз айнегинин ичине салып, Байыркы Афинада, Шекспирдин Глобус театрында, же ал тургай Айдын бетинде сейилдеңиз.
Өзүңүзгө тиешелүү санариптик китептер
Эгерде мугалимде китептин PDF версиясы болсо, аны mozaBookта ачып колдоно алат. Программа китептеги сүрөттөрдү автоматтык түрдө тааныгандыктан, бир эле басып чоңойтууга болот. Чоңойтуп көрүүгө зарыл болгон баракча бөлүмдөрүн, мугалимдер өз алдынча өзгөртө алышат. Программа китептеги текстин талдоого жөндөмдүү болгондуктан, темага ылайыктуу болгон интерактивдүү мазмунду сунуштайт. Сунушталган мазмундарды мугалимдер ачып колдонушса, же өчүрүп салышса болот. Ошону менен эле бирге, мугалимдер өздөрү каалаган мазмунду (3D үлгүлөрдү, видео сабактарды, аудиолорду, сүрөттөрдү) mozaBookтагы медиатекадан, өз компьютерлеринен же Интернеттен таба алышат. Киргизилген элементтерди ачуу үчүн китептин четине жайгаштырылган сүрөтчөлөрүн басып, класстык иштерде колдонууга болот.
Кайда колдонсом болот?
Санариптик китептерди mozaBook программасы менен ачып, класстагы презентацияларга жана үйдөн өз алдынча окууда колдонсо болот. mozaBook жөнүндө көбүрөөк маалымат
Компьютер же ноутбук аркылуу үйдөн өз алдынча окууну кааласаңыз, анда сизге веб-браузер жана активдүү Интернет байланышы жетиштүү болот. mozaweb.kg
Эгер китепти каалаган жерде колдонгуңуз келсе, б.а., Интернетсиз колдонгуңуз келсе, акысыз mozaBook тиркемесин орнотуп алыңыз.
Интерактивдүү китептерди каалаган жерде колдонуу
Окуучулар, активдештирилген китептерди жана дептерлерди планшеттерине жүктөп, жаңы публикацияларды сатып ала алышат. Жүктөлүп алынгандан кийин, санариптик китептерди жана дептерлерди офлайн режиминде колдонуп, алардын интерактивдүү мазмунун (3D үлгүлөрдү, видео сабактарды, сүрөттөрдү, аудиолорду, жумушчу барактарды) орнотулган плеерлер менен, Интернетсиз ача алышат.
Китептерди ачуу үчүн планшетте иштеген mozaBook тиркемесин, mozaWeb аккаунту менен байланыштыруу керек.
PDF же HTML
mozaWeb системасы, санариптик китептерди эки жол менен иштете алат. Публикациялар басылып чыккан китеп бетинин макетине ылайык (PDF) же веб- версиясында (HTML) ачылышы мүмкүн.
Басмаканалар китептерин кайсы версияда басып чыгарууну өздөрү чечишет. Эгер эки версия тең бар болсо, анда бир басып эле эки версиянын тең алмаштырып колдонсоңуз болот.