Дептерлер
Натыйжалуу презентациялар
Дептерди өзүңүзгө жараша ыңгайлаштырыңыз...
Дептерлериңизди каалаган форматта түзсөңүз болот (туурасынан же тикесинен, бир беттүү же кош беттүү). Ошондой эле, бет сызыктарды, арткы фонунун түсүн жана обойлорду, ар бир бет үчүн өз-өзүнчө тандап орнотууга болот.
Саптар бир гана илюстрациялык функцияларга гана ээ болбостон, кол жазмаларды жана математикалык символдорду таанып, сапка жараша тегиздөөгө болот.
...жана аны каалагандай иллюстрациялаңыз
MozaBookтун чийүү куралдарын колдонуп, жөнөкөй текстти бөлүп көрсөтүүгө, эркин кол менен тартылган сүрөттөрдү, татаал эркин иллюстрацияларды дептерлерге киргизип байытууга болот.
Дептер барактарына сиз Интернеттен жана медиатекадан алынган ар түрдүү мультимедиялык элементтерди киргизе аласыз 3D үлгүлөр, видеолор жана сүрөттөр. Галереядагы бир нече миң графикалык сүрөттөрдү (сүрөттөр, схемалар, чиймелер үчүн шаблондор, иконалар, белгилерди) колдонуп, аблдан кызыктуу презентацияларды түзө аласыз.
Геометрикалык куралдар
Так жана татаал математикалык чиймелерди жана диаграммаларды түзүү үчүн виртуалдык сызгычтарды жана циркульдерди колдонулушу болот.
Куралдарды каалагандай айландырып, параллель өткөрүп берүү жана перпендикуляр кыймылдарды жасап, так сандык маанилер менен параметрлештирүүгө болот.
Байланыштар диаграммасы
Байланыштар диаграммасынын куралы, ар кандай объектилерди байланыштырууга мүмкүндүк берет. Объекттерди жылдырганга карабастан, алардын ортосундагы байланыш жоголбойт. Бул чийме функциясы байланыштарды жана процесстерди так көрсөтүү үчүн колдонулат.
Өз ара байланыштарды көрсөтүү үчүн ар кандай сызыктарды жана жебелерди колдонсоңуз болот. Диаграмманы түзүү үчүн сиз mozaBookтун галереясында табылган сүрөттөрдү жана башка мазмунду колдоно аласыз.
Анимация
mozaBook программасынын камтылган анимация куралын колдонуп, сиз укмуштуудай анимацияланган презентацияларды жана сабак пландарын даярдай аласыз. Барактын элементтери, алдын ала орнотулган анимациялык шаблондорго ылайык автоматтык түрдө пайда болушу мүмкүн. Презентация учурунда киргизилген кошумча мазмунду көрсөтсөңүз дагы болот.
Тексттерди, өзүңүздүн чиймелериңизди, сүрөттөрүңүздү, ошондой эле, видеолорду же медиатекадан алынган 3D үлгүлөрдү же башка интерактивдүү мазмундарды колдонуп, абдан кызыктуу Презентацияларды даярдоого болот.
Анимацияланган шаблондор
MozaBook программасынын анимациялык шаблондорун колдонуп, көрктүү дептерлерди жана кызыктуу презентацияларды даярдаңыз. Дептердин барак беттериндеги шаблондук алкактарды каалагандай жылдырып, алардын өлчөмүн өзгөртүүгө болот. Темаңызга тиешелүү текстти, сүрөттү, видеону же 3D үлгүнү дагы киргизсеңиз аласыз. Түзүлгөн баракчадагы тексттин бир бөлүгүн баскан учурда, ага байланышкан сүрөт, видео же 3D үлгү дароо көрсөтүлөт.
PPT импорттоо
mozaBook программасы PowerPoint презентацияларын импорттоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Импорттолгон файлдарды программада түзүлгөн mozaBook дептери сыяктуу колдонууга болот: импорттолгон файлдарды оңдоп-түзөтүүгө, медиатекадан алынган кошумча интерактивдүү мазмундар менен толуктоого болот.
Шайкештик
Санариптик китептерде камтылган сүрөттөрдү, чиймелерди, тексттерди жана кошумчаларды дептерлерге которууга болот. Бул болсо өз кезегинде, китепке негизделген презентацияларды түзүүнү жеңилдетет. Бир эле жолу басып, китептен дептердин же дептерден китептин белгилүү бир барагын дароо ача турчу шилтемелерди, публикацияларга киргизе аласыз.
Тест редактору
Алдын ала аныкталган тапшырма шаблондорунун кеңири спектрин колдонуп, укмуштуудай тапшырмаларды тез жана оңой даярдаңыз (бир жана бир нече тандоо, дал келтирүү, чынжырча суроолор, меткалар, таблицалар жана башкалар). Берилген жумушчу барактары, ар түрдүү суроолорду жана башка өзгөчөлүктөрдү камтышы мүмкүн. Мисалы, тапшырманын убактысы чектелүү болушу мүмкүн. Жумушчу барактарын ого бетер кызыктуу кыла турган, даяр дизайндарыбыз дагы бар.
Сүрөттөрдү, видеолорду же аудио файлдарды бар, ыңгайлаштырылган көнүгүүлөрдү даярдаңыз! Ошондой эле, 3D үлгүлөрүбүздөн жана mozaToolsдан автоматтык түрдө, алдын ала жазылган суроолорду импорттоого, аларды түзөтүүгө же аларды ошол бойдон калтырууга болот.
Кесиптик окуу материалдары
Сизди мүмкүнчүлүктөрүңүздү бир гана Фантазиялар чектей алат. Ар кандай курактагы окуучулар үчүн кызыктуу, интерактивдүү презентацияларды даярдаңыз, б.а., баштапкы класстар үчүн жөнөкөй жөндөмдөрдү өнүктүрүүчү, көнүгүүлөрдү же жогорку класстын окуучулары үчүн татаал, интерактивдүү окуу материалдарын колдонуп даярдоого болот.
mozaWeb менен бөлүшүү, синхрондоштуруу
mozaBook программасында түзүлгөн дептерлерди mozaWebге жүктөп, аларды Интернет браузерде ачууга болот. Ошондой эле, браузерге жүктөп алган дептериңизди, жалпы мектеп менен же mozaWebдин бардык колдонуучулары менен бөлүшө аласыз.
Эгер mozaBookту бир нече компьютерде колдонсоңуз, мазмундарыңызды синхрондоштуруп коюуга болот. mozaWebге жүктөлгөн дептерди, mozaBook программасы бар жана Интернетке туташкан каалаган компьютерден ачууга болот.
Өзүңүз менен кошо ала кетиңиз
Акысыз mozaBook тиркемесин Android, iPad түзмөктөрүнө жүктөп алып, жүктөлгөн дептерлерди интернет байланышы жок, офлайн режиминде колдонуңуз. Дептерлерге киргизилген интерактивдүү мазмундарды, планшеттерде да колдонууга болот.