Куту
Сепетиңиз бош

Саны:
0

Баары:
0

Биздин өнөктөш болуңуз!

Биздин сунуштар менен таанышып чыгыңыз жана санариптик билим берүү чечимдерибизди сатыңыз.

  • Класста билим берүү презентациялары үчүн программалык камсыздоо
  • Окуучулардын үйдөн өз алдынча окуусуна арналган интерактивдүү мазмун
  • Интерактивдүү такталар үчүн санариптик карталар
  • Мектеп администрациясы үчүн санариптик мектеп журналы

Биздин өнөктөш болуңуз!

Биздин сунуштар менен таанышып чыгыңыз жана санариптик билим берүү чечимдерибизди сатыңыз.

  • Класста билим берүү презентациялары үчүн программалык камсыздоо
  • Окуучулардын үйдөн өз алдынча окуусуна арналган интерактивдүү мазмун
  • Интерактивдүү такталар үчүн санариптик карталар
  • Мектеп администрациясы үчүн санариптик мектеп журналы
Класста билим берүү презентациялары үчүн программалык камсыздоо
Мугалимдер үчүн интерактивдүү мазмун
Окуучулардын үйдөн өз алдынча окуусуна арналган интерактивдүү мазмун
Санариптик журнал
Класстык компьютерлер үчүн лицензия
Санариптик анатомия атласы
Интерактивдүү такталар үчүн санариптик карталар
Мейкиндик геометриясынын конструктордук программасы
Тегиздик геометриясынын конструктордук программасы
Видеону реалдуу убакытта талдоо
Класста билим берүү презентациялары үчүн программалык камсыздоо
Мугалимдер үчүн интерактивдүү мазмун
Окуучулардын үйдөн өз алдынча окуусуна арналган интерактивдүү мазмун
Санариптик журнал
Класстык компьютерлер үчүн лицензия
Санариптик анатомия атласы
Интерактивдүү такталар үчүн санариптик карталар
Мейкиндик геометриясынын конструктордук программасы
Тегиздик геометриясынын конструктордук программасы
Видеону реалдуу убакытта талдоо
Класста билим берүү презентациялары үчүн программалык камсыздоо
Мугалимдер үчүн интерактивдүү мазмун
Окуучулардын үйдөн өз алдынча окуусуна арналган интерактивдүү мазмун
Санариптик журнал
Класстык компьютерлер үчүн лицензия
Санариптик анатомия атласы
Интерактивдүү такталар үчүн санариптик карталар
Мейкиндик геометриясынын конструктордук программасы
Тегиздик геометриясынын конструктордук программасы
Видеону реалдуу убакытта талдоо

Түзмөккө негизделген жана колдонуучуга негизделген лицензиянын ортосундагы айырма кандай?

Колдонуучу лицензиясы
Колдонуучу лицензиясы
Колдонуучу лицензиясы колдонуучуга ар кандай түзмөктөрдө (мисалы, компьютерде, интерактивдүү тактада, ноутбукта, планшетте же смартфондо) өзүнүн колдонуучу атын жана сыр сөзүн колдонууга мүмкүндүк берет. Колдонуучу mozaBook жана mozaWeb экөөнү тең колдоно алат. Бирок бир эле учурда бир гана түзмөктөн кире алат. Бул лицензия түрү, колдонуучулар өз компьютерлеринде иштегенде же Mozaik платформасына бир нече түзмөктө кирүүнү каалаганда сунушталат.
Түзмөккө негизделген лицензия
Түзмөккө негизделген лицензия
Түзмөккө негизделген лицензия, андагы программаны, чексиз сандагы колдонуучуларга колдонууга мүмкүндүк берет. Мындай учурда, бардык колдонуучулардын өздүк лицензияларынын болушу зарыл эмес. Бул лицензия, бир компьютерди же түзмөктү, бир эле учурда бир нече мугалим же окуучу колдонгондо сунушталат. Мындайда, канча мугалим же окуучу колдонгонуна карабастан, түзмөк үчүн гана лицензия талап кылынат.

Биз менен байланышыңыз

Эгерде биздин өнүмдөрдү өз көзүңүз менен сынап көрүүнү кааласаңыз жана аларды иш жүзүндө колдонуу боюнча кеңири маалымат алгыңыз келсе, анда биз менен байланышыңыз. Сиз биздин заманбап IT жабдыктары менен жабдылган окуу борборубуздан эч кандай милдеттенме албастан акысыз түрдө системабыз жана анын курамдык бөлүктөрү менен таанышып, компаниябыз менен кызматташуу мүмкүнчулүктөрү жөнүндө биле аласыз.
Акысыз окутуу курстары
Заманбап IT түзмөктөр менен жабдылган окуу борборубузда биздин өнүмдөр менен бекер таанышыңыз.
Арзандатылган топтомдор
Биз сатууну илгерилетүү үчүн толук класстар/мектептер үчүн арзандатылган программалык топтомдорду сунуштайбыз.
Санариптик китептер
Биздин системанын жардамы менен жергиликтүү окуу китептерин басып чыгаруучулар менен кызматташууну баштасаңыз болот.
Сиздин сатуу иштериңизге кантип жардам бере алабыз
Дистрибьюторлор үчүн арзандатуулар

Биз өнөктөштөрүбүздүн сатуу ишинин көлөмүнө жана өнүмдү жүгүртүүсүнө жараша, алар сатып алган программалык өнүмдөргө жана программалык камсыздоолордун топтомдоруна көп деңгээлдүү реселлердик арзандатууларды беребиз.

Биз дистрибьютор өнөктөштөрүбүздүн кызматкерлерин ай сайын ишке ашырылуучу курстарыбызда бекер окутабыз. Реселлерлер үчүн баалар алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдашуу боюнча гана жарыяланат.

Жарнамалык жана маалыматтык колдоо

Биз сиздин компанияңызга биздин өнүмдү илгерилетүүдө жогорку деңгээлде колдоо көрсөтөбүз. Сиздин логотибиңизди, байланыш телефондоруңузду жана компанияңыз тууралуу маалыматтарды камтыган индивидуалдуу жарнамалык басылмаларды акысыз түзүп беребиз.

Публикациялар электрондук жана басма түрүндө да жеткиликтүү. Кааласаңыз биз басылмаларды даярдап, жарнамалык материалдарды почта аркылуу жөнөтө алабыз.

Биз сиздин кесиптештериңизди окутабыз

Биз сиздин сатуу иштери менен алектенген кесиптештериңизге биздин программаны колдонууну жана аны башкарууну үйрөнүү жана сатуу боюнча тажрыйбабыз менен бөлүшүү үчүн акысыз окуу курстарын өтөбүз. Окутуу иш-чаралары Венгриянын Сегед шаарында жайгашкан заманбап IT жабдуулары менен жабдылган окуу борборубузда өтөт.

Окутуу курстары жөнүндө кененирээк маалымат алыңыз
DEMO лицензиялары

Биздин программалык өнүмдөр менен таанышуу үчүн компанияңыздын логотиби бар бекер лицензиялык карталарды беребиз. Сиздин сатуу иштери менен алектенген кесиптештериңиз 1 же 3 айлык мөөнөткө сыноо үчүн берилген лицензия карталары аркылуу кардарларын натыйжалуу ынандыра алышат. Алар өнөктөштөрүн өнүмдү сатып алардан мурун өнүмдү сынап көрүүгө, аны колдонууга жана тажрыйбасынын негизинде сатып алуу чечимин кабыл алууга чакыра алышат.

Сатуу форматтары

Таза электрондук сатуу да мүмкүн. Бул учурда, тигил же бул өнүмдөр үчүн лицензиялык коддорду сатсаңыз болот, ал эми колдонуучулар зарыл болгон программалык өнүмдөрдү сайттан өздөрү жүктөп алышат.

Ошондой эле, DVD форматындагы программалык камсыздоону сатсаңыз да болот. Мында биз сизге керектүү материалдарды жөнөтөбүз. Сиз кардарларыңызга программалык камсыздоонун колдонуучу нускамасын электрондук жана басылган түрдө бере аласыз.

Тилдик локализация

Биздин система жана анын интерактивдүү мазмуну бир топ тилде жеткиликтүү. Эгерде сиз биздин өнүмдөрдү биздин сунушта камтылбаган тилде саткыңыз келсе, анда биз менен байланышыңыз. Бул учурда, программалык камсыздоонун колдонуучу интерфейстери бир нече жуманын ичинде которулат, ал эми санариптик мазмун андан кийин үзгүлтүксүз которула берет. Котормо учурунда колдонуучунун тилинде жеткиликтүү болбогон айрым материалдар ар дайым англис тилинде жеткиликтүү болот.

Мындан ары кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү
Жабдууларды өндүрүүчүлөр үчүн

Компанияңыз өндүргөн интерактивдүү такталардын, интерактивдүү дисплейлердин же мектеп планшеттеринин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырыңыз. Биздин жардамыбыз менен сиз кардарларыңызды жабдыктар менен гана камсыз кылбастан, ошондой эле, класста колдонууга арналган презентациялардын дүйнөлүк деңгээлдеги программалык камсыздоосун жана маалыматка бай интерактивдүү билим берүү материалдарын, башкача айтканда, ар тараптуу класстык чечимдерди тартуулай аласыз.

Биз менен байланышыңыз
Окуу курстары менен камсыз кылуу

Биз, ошондой эле, биздин программалык камсыздоонун кеңири колдонулушун жана мүмкүнчүлүктөрүн көрсөткөн окуу курстарын камсыздоо жана сатуу үчүн өнөктөштөрдүн өтүнмөлөрүн кабыл алабыз. Мындан тышкары, окуу борборубузда кызматкерлериңизге өз өлкөлөрүндөгү колдонуучуларга тренинг өтүүнү үйрөтөбүз. Сиз уюштурган окутуу иш-чараларынын катышуучулары биздин компания тарабынан берилген сертификаттарга ээ болушат.

Санариптик китептер

Эгер сиз биздин өнүмдүн расмий дистрибьютору болсоңуз, анда сизде жергиликтүү китеп басып чыгаруучулар менен кызматташуу мүмкүнчүлүгү бар. Басып чыгаруучулар публикацияларын биздин системага интерактивдүү санариптик окуу китептери түрүндө жайгаштырып, аларды өздөрүнүн же сиздин веб-дүкөнүңүздө сата алышат.

Сиз тараткан биздин программалык өнүмдөрдү жана жергиликтүү басмаканалардын санариптик окуу китептерин колдонуу менен мектептер жана мугалимдер толук жана ар тараптуу кызматтарды ала алышат.

Кененирээк маалымат

Эгер сиз расмий дистрибьюторубуз болууну кааласаңыз, анда биз менен байланышыңыз. Биз сизди системабыздын иши менен жекече же Skype аркылуу тааныштырабыз. Аны менен бирге, биздин өнүмдөр биздики сыяктуу эле сиздин рынокто да ийгиликтүү боло ала турган тажрыйбабыз менен бөлүшөбүз.

Биз менен байланышыңыз

Contact

Эгер сизди биздин сунуш кызыктырса жана бул боюнча кененирээк маалымат алууну кааласаңыз, анда биздин кесиптештерибиз менен байланышсаңыз болот. Биз ар дайым жардам берүүгө даярбыз.

Dr. Ildikó Török business development director
Contact
Péter Török deputy managing director

Contact
Maxim Chigrin international relations manager
Contact