Октуу каражаттары
жөндөмдүүлүктөрдү өнүктүрүү жана эксперименттер
Жөндөмдөрдү өнүктүрүү оюндары
Башталгыч класстагы балдарга арналган оюн куралдары, окуучулардын эң негизги жөндөмдөрдүн өнүктүрүүгө жардам берет. Анимацияланган тапшырмалар болсо, балдардын окууга болгон кызыгуусун ойготуп, алган билимдерин оюн жолу менен бекемдөөгө үндөйт.
Биздин жөндөмдөрдү өнүктүрүүчү куралдарыбыз, окуучуларга математиканы, логиканы, музыканы жана тилди үйрөтүүдө жардам берет. Окуучулар сабактарды онлайн оюндар аркылуу, өзүлөрүнүн достору же классташтары менен ойноп үйрөнө алышат.
Визуалдык презентациялар үчүн
Биздин тематикалык куралдарыбыз, кымбат лабораториялык жабдууларды сатып алуу зарылчылыгын жок кылган максаттуу жыйнактар болуп эсептелет. Мугалимдер аларды өсүмдүктөр менен жаныбарларды, атайын куралдарды, өлкөлөрдү, минералдар менен молекулаларды көрсөтүү же түшүндрүү үчүн колдоно алышат.
Алардын ичинен ар бир сабак үчүн зарыл болгон бардык куралдарды таба аласыз.
Практика үчүн куралдар
Практикалык куралдар, сабакта окутулган билимди иш жүзүндө, тажрыйбада колдонууга эң сонун мүмкүнчүлүк берет. Программа аткарылган тапшырмалардын жоопторун автоматтык түрдө оңдогондуктан, окуучулар өз жооптору боюнча ой-пикирди дароо эле ала алышат.
Бул куралдарды, теманы класста же үйдө көнүгүүлөрду аткаруу учурунда колдонсо болот.
Эксперименттер
Виртуалдуу эксперименталдык куралдарыбызды колдонуп, өзүңүз пландаштырган эксперименттерди жүргүзсөңүз болот. Эксперименттик куралдар, тиешелеүү болгон илимий тармактын бардык талаптарына жооп берет.
Сиз жасаган эксперименттердин макеттерин, mozaBook дептерлерине же санариптик китептерге сактап коюуга болот.
Санариптик карталар
Санариптик карталар, географияны жана тарыхты окутууда колдонулган инструменттерди толуктап, баасы кымбат демейки басылып чыгарылган дубал карталарын толугу менен алмаштыра алат. Санариптик карталардын ар кандай элементтерин өзүңүзгө жараша ыңгайлаштырып оңдоп-түзөө мүмун. Бул болсо сабактарга даярданууну бир кыйла жеңилдетет.
Карталарды каалагандай чоңойтуп, кичирейтүүгө, иллюстрациялоого же анимациялоого болот. Программа тарыхый окуяларды хронологиялык тартипте көрсөтүп турат. Бул болсо окуучулардын, белгилүү бир аймакта, белгилүү бир мезгилде болуп өткөн өзгөрүүлөрдү дагы да тереңдетип өздөштүрүүлөрүнө жардам берет.
mozaMap жөнүндө көбүрөөк маалымат
Видеону реалдуу убакытта анализдөө
Веб-камерага негизделген, илимий, изилдөө жана маалыматтарды чогултуучу программабыз, мугалимдерге жана окуучуларга компьютердин жардамы менен илимий байкоолорду жана өлчөөлөрдү жүргүзүүгө жардам берет.
Программа көптөгөн кымбат баалуу эксперименталдык аспаптарды жана приборлорду алмаштыра алат. Ошону мене эле бирге, үйрөнүү процессин өтө кызыктуу кылып, айланадагы дүйнөнү чыгармачылык менен изилдөөгө жардам берет, окуучулардын табигый илимдерге болгон кызыгуусун жаратып, аларды эксперимент жүргүзүүгө шыктандырат. Бир гана компьютерди жана адаттагы жөнөкөй буюмдарды гана колдонуу менен, эксперименттерди тез жана оңой жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
LabCamera жөнүндө кененирээк маалымат
Автоматтык түрдө даярдалган көнүгүүлөр
mozaBookтун кээ бир куралдары автоматтык түрдө тапшырмаларды даярдап, аларды тапшырма редакторуна өткөрө алат. Мындайча айтканда, мугалимдер өтө кыска убакыттын ичинде түстүү жана кызыктуу жумушчу барактарын даярдай алышат.
Колдонгуңуз келген көнүгүүнүн үстүнө бир эле жолу басып Тест редакторуна экспорттоп, аны каалагандай оңдоп түзөтө аласыз. Өзүңүздүн тапшырмаларыңызды даярдоонун, сүрөттөрдү издөөнүн кажети жок, сизге керектүү куралды жана теманы тандоо гана керек, ушуну менен гана чектелесиз.
Тест редактору
Алдын ала аныкталган тапшырма шаблондорунун кеңири спектрин колдонуп, укмуштуудай тапшырмаларды тез жана оңой даярдаңыз (бир жана бир нече тандоо, дал келтирүү, чынжырча суроолор, меткалар, таблицалар жана башкалар). Берилген жумушчу барактары, ар түрдүү суроолорду жана башка өзгөчөлүктөрдү камтышы мүмкүн. Мисалы, тапшырманын убактысы чектелүү болушу мүмкүн. Жумушчу барактарын ого бетер кызыктуу кыла турган, даяр дизайндарыбыз дагы бар.
Сүрөттөрдү, видеолорду же аудио файлдарды бар, ыңгайлаштырылган көнүгүүлөрдү даярдаңыз! Ошондой эле, 3D үлгүлөрүбүздөн жана mozaToolsдан автоматтык түрдө, алдын ала жазылган суроолорду импорттоого, аларды түзөтүүгө же аларды ошол бойдон калтырууга болот.
Видео сабак
Публикацияларга киргизүү
Куралдарды mozaBook программасындагы китептерге жана дептерлерге киргизип алып, аларды сабак учурунда оңой эле ачып алып, дароо колдонууга болот.
Куралдарды киргизүү учурунда, алардын абалы же эксперименттин учурдагы схемасы, программа тарабынан автоматтык түрдө сакталат. Андыктан, аны ачканда, окуучуларга көрсөткүңүз келген мазмун автоматтык түрдө пайда болот.
Ошондой эле, дептерлерде даярдалган презентацияларга, каалаган куралдарды киргизүүгө болот. Алар автоматтык түрдө ачылгандыктан, белгичелерин басып ачуунун керектелбейт.
Ага кантип кирсем болот?
3D үлгүлөрдөн, видеолордон жана санариптик сабактардан тышкары, электрондук катталууларыбыз бардык куралдарды колдонуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Тема боюнча топтолгон куралдарды, mozaBook жана mozaWeb медиатекадан тапса болот.
Медиатекадагы куралдар