Куту
Сепетиңиз бош

Саны:
0

Баары:
0

Эгер лицензиямдын мөөнөтү бүтүп калса, кандай мазмунга жана функцияларга кире алам?
29/4/26 02:34

Эгерде Mozaik TEACHER же Mozaik STUDENT лицензияңыздын жарактуу мөөнөтү бүтүп калса, анда жумасына 5 гана медиа элементти ача аласыз. Демек, бул mozaWeb Медиатекадан жумасына 5 элементти гана ача аласыз дегенди билдирет (3D көрүнүштөр, видеолор, аудиофайлдар, куралдар, викториналар, оюндар жана санариптик сабактар).
Эгер mozaBook программасын да колдонсоңуз, анда кийинки жолу иштеткенде активдештирүү кодун жазуу талап кылат.

mozaBook CLASSROOM же mozaBook SCHOOL-LAB лицензияңыздын жарактуу мөөнөтү бүтүп калса деле mozaBookту чектелген бир катар функциялары менен колдоно берсеңиз болот:

Сиз мурдагыдай эле аккаунтуңузга туташкан активдүү лицензиялары менен санариптик китептерди ача аласыз, жана ошондой эле, буга чейин түзүлгөн дептерлерди да колдоно аласыз
• Сүрөт тартууга керектүү болгон куралдарды колдоно аласыз (мисалы, циркуль, сызгыч) же мазмундарды публикацияларга жана бош дептерлерге жайгаштырсаңыз болот, бирок сиз аларды сактап же жүктөй албайсыз.
• mozaWebдеги Медиатеканын мазмундарын (3D көрүнүштөр, видеолор, санариптик сабактар) колдоно албайсыз.

Эгер китептин же mozaMapтин лицензиясынын жарактуу мөөнөтү бүтүп калса, анда китептердин же санариптик атластардын демо версиясын колдоно аласыз, башкача айтканда, саналуу гана беттерди, саналуу гана картаны ача аласыз.

Ал эми жаңы лицензия кодду активдештиргенден кийин жогорудагы чектөөлөр алынат.

Лицензияларыңыздын жарактуу мөөнөтүн Лицензияларым менюсунан текшере аласыз

Пайдалуу болду деп ойлойсузбу?