Сепетиңиз бош

Саны:
0

Баары:
0

3D энциклопедиялар

Click n' Learn

Интерактивдүү 3D акылдуу китептери
800 3D үлгүсү бар 20 китеп.

800 3D үлгүсү бар 20 китеп.

Биздин Click n' Learn сериябыз бир гана мектепте эмес, бизди курчап турган дүйнөнү майда-чүйдөсүнө чейин кызыгып үйрөнүүгө ынтызар болгон окуучуларга арналган. Эгер сиз окуганды жана чындыгында эмне жөнүндө окуп жатканыңызды көргөндү кааласаңыз же китеп окуганды жактырсаңыз, бирок ошону менен эле бирге смартфонуңузду же планшетиңизди колдонуп окууну, үйрөнүүнү кааласаңыз, анда сиз үчүн идеалдуу болгон китептер бул жакта!

Биздин акысыз тиркемелерибизди колдонуп, китептердеги 3D файлдарды оңой эле ачууга болот.
Сиз үчүн эң ылайыктуу болгон тиркемени тандоо боюнча жардамды, төмөн жактан таба аласыз.

<b>mozaik3D app</b><br>Басыңыз жана үйрөнүңүз.
Icon 3D

Класстагы Windows
3D смартбуктары үчүн mozaBook

TEACHER лицензиялары бардык 20 санариптик китептерге кирүүгө мүмкүндүк берет. Класста mozaBook программасын колдонуу аркылуу китептерди ачып, барактардагы иконка белгилердин жардамы менен 3D көрүнүштөрдү ишке киргизе аласыз.

Эгер 3D акылдуу китептерди класста колдонууну кааласаңыз, анда Windows үчүн mozaBookту колдонууну сунуштайбыз.

Icon

планшеттер үчүн mozaBook тиркемеси
Китептериңизди каалаган жерге алып жүрүңүз.

Колуңуздагы китептеги QR кодду mozaBook тикемесинен сканерлеп, китептин санариптик версиясын планшетиңизге же смартфонуңузга жүктөп алыңыз. Жүктөлүп алынган китеп барактарындагы белгичелерди басып, 3D үлгүлөрдү ачсаңыз болот. Темалар бирден ашык 3D үлгүлөрдү камтышы мүмкүн, андыктан китеп беттеринен бир нече белгичелерди табууга болот.

Ошондой эле, 3D үлгүлөрдү өз түзмөгүңүзгө жүктөп алып, аларды интернет байланышы жок дагы ачсаңыз болот. Жүктөлгөн китептин QR кодун сканерлеген учурда, mozaBook программасы, санариптик китептин тиешелүү барагын ачат.

Эгеде сиз китепти санариптик түрүндө колдонууну кааласаңыз, анда китепте камтылган 3D үлгүлөрдү дагы офлайн режиминде ачуу жана тиешелүү 3D үлгүлөрүн көрүү үчүн mozaBook тиркемесин тандаңыз.

планшеттер үчүн <b>mozaBook</b> тиркемеси<br>Китептериңизди каалаган жерге алып жүрүңүз.
<b>mozaik3D app</b><br>Басыңыз жана үйрөнүңүз.
Icon 3D

mozaik3D app
Басыңыз жана үйрөнүңүз.

Click n' Learn китептери, билимди өркүндөтүүчү түстүү графикаларды жана кыска тексттерди камтыйт. Ошентсе да, китептердин эң кызыктуу жери 3D үлгүлөр болуп эсептелет.

Китебиңиздеги QR коддорду mozaik3D тиркемесин колдонуп, сканерлесе; барак бетиндеги темага байланыштуу 3D үлгүлөр ачылат. 3D үлгүлөрдү ачуу үчүн Интернет байланышы талап кылынат.

Эгерде 3D үлгүлөрдү, китебиңиздин санариптик версиясын жүктөбөй эле колдонууну кааласаңыз, анда тез жана активдүү Интернет байланышы аркылуу mozaik3D тиркемесин колдонуңуз.

Icon 3D Icon

Китепти кантип колдонсом болот?

Ар бир интерактивдүү 3D смарт-китеп, кеминде 30 түрдүү 3D үлгүлөргө кирүү мүмкүнчүлүгүн берет. Китепти колдонуудан мурун аккаунтуңузга байланыштырылышы керек болгон уникалдуу код ар бир китептин ичинде бар.

Book code

Активдештирүү кодун китебиңиздин акыркы барагынан же мукабанын арткы ичинен таба аласыз
Жогорку сүрөттөгү код, бир гана мисал үчүн берилген.

mozaBook app

  • Тиркемени биринчи жолу иштеткенде, акысыз аккаунт ачуу керектелет.
  • Системага киргенден кийин, баштагы QR код белгичесин колдонуп, QR сканерин ишке киргизиңиз жана китебиңиздеги QR кодду сканерлеңиз.
  • Аккаунтуңузга байланыштыра элек китептен QR кодун сканерлеп жатсаңыз, жогоруда көрсөтүлгөндөй, китептеги кодду киргизишиңиз керектелет.
  • Эгер сиз киргизген код туура болсо, тиркеме сиз каалаган китептерди түзмөгүңүзгө жүктөй алат. Мындайча айтканда, сиз китептерди Интернет байланышы жок деле колдоно аласыз. Ошентсе да, эгерде сиз бардык экстраларды жүктөп алуу опциясын тандаган эмес болсоңуз, анда 3D үлгүлөрдү Интернет байланышы менен гана колдоно аласыз.
  • Санариптик китептин беттериндеги 3D үлгүлөрдүн үстүн басып ача аласыз.
  • Жүктөлүп алынган 3D үлгүлөрдү, бир-бирден өчүрүүгө дагы болот. Ал үчүн китептин баш жагындагы сол жактагы белгичени басып, китептин мукабасынын жанындагы "Экстра" баскычты тандаңыз.
mozaBook tablet app жөнүндө кененирээк окуңуз

mozaik3D app

  • Тиркемени иштетип, колдонуучу белгичесин басуу аркылуу акысыз аккаунт ачыңыз.
  • Системага киргенден кийин, жогору жагындагы QR код белгичесин колдонуп, китебиңиздеги QR кодду сканерлеңиз.
  • Эгер сиз аккаунтуңузга байланыштырыла элек китептен QR кодун сканерлеп жатсаңыз, жогорудагы мисалда көрсөтүлгөндөй, колуңуздагы китептин кодун киргизишиңиз керектелет.
  • Эгер сиз киргизген код туура болсо, барак бетине тиешелүү 3D үлгү дароо ачылат. 3D үлгүлөрдү активдүү интернет байланышы менен гана ачууга болот.
mozaik3D app жөнүндө кененирээк окуңуз

Windows үчүн mozaBook

  • MozaBook тиркемесин биринчи жолу колдонуп жатсаңыз, анда акысыз аккаунт ачууңуз керектелет.
  • Публикацияны тандоо экранынан "Жаңы публикация кошуу" баскычын басып, андан соң "Активдештирүү коду" баскычын тандаңыз жана колуңуздагы китептин кодун киргизиңиз.
  • Эгер код туура киргизилсе, mozaBook китепти компьютериңизге жүктөйт. Эгер онлайн версиясын жүктөп алууну опциясын тандасаңыз, анда 3D үлгүлөрдү Интернетке бар болгондо гана колдонууга болот.
  • Санариптик китептердин беттериндеги белгичелерди басып, 3D үлгүлөрдү ачууга болот.
mozaBook жөнүндө көбүрөөк маалымат окуу

mozaWeb.com

  • Системага кириңиз же акысыз жаңы аккаунт ачыңыз.
  • Барактын башындагы "Текчем" бөлүмүн тандап, "Жаңы кодду активдештирүү" бөлүмүнө китебиңиздеги кодду киргизиңиз.
  • Киргизилген код туура болсо, китебиңиздин санариптик версиясы дароо эле ачылат. Сиз ал китепти "Текчем" же "Китептерим" бөлүмүнөн таба аласыз.
  • Сиз китепти, mozaweb.com сайтында онлайн режимде гана колдоно аласыз, б.а., китепке кирүү, анын барактарын карап чыгуу жана 3D үлгүлөрдү ачуу үчүн сизге Интернет байланышы керектелет.
mozaWeb жөнүндө кененирээк окуңуз
3D үлгүлөрүндөгү виртуалдык чындык

3D үлгүлөрүндөгү виртуалдык чындык

3D анимацияларды колдонуп, китеп барактарын жандантууга болот. VR (Virtual Reality) гарнитурасын колдонуп, укмуштуудай окуяларга, керемет дүйнөгө кадам таштаңыз. Байыркы Афинадан тартып, Шекспирдин театрына же Айдын бетинде саякаттоону кааласаңыз, смартфонуңузга ылайыктуу болгон жөнөкөй VR көз айнектерин туташтырып алыныз.

800 3D үлгүсү бар 20 китеп. 800 3D үлгүсү бар 20 китеп. 800 3D үлгүсү бар 20 китеп. 800 3D үлгүсү бар 20 китеп. 800 3D үлгүсү бар 20 китеп.