Куту
Сепетиңиз бош

Саны:
0

Баары:
0

Үй тапшырма

бардык платформалар жана түзмөктөр үчүн

Мугалимдер mozaBook жана mozaWebден үй тапшырмаларды берген учурда, окуучулар көнүгүүлөрдү өз компьютерлеринде же түзмөктөрүндө аткарып, жоопторун кайра жөнөтө алышат. Мугалимдер Тест редакторунда түзүлгөн жумушчу барактардан тышкары, ар кандай темадагы эсселерди да үй тапшырма катары бере алышат.

Мугалимдер...

...класстарга жана окуу топторуна же жеке окуучуларга берилген үй тапшырмаларды башкарууга болот.

Берилген жана аткарылып кайра жөнөтүлгөн үй тапшырмаларды системада жаздырып алып, аларды оңой баалоого жана башкарууга болот.

Программа жоопторду автоматтык түрдө текшерип, жыйынтыктардын статистикасын чыгарат. Бул болсо, окуучулардын иштеринин натыйжалуулугун баалоо жана салыштыруу процессин кыйла жеңилдетет.

Мугалимдер...

Окуучулар...

...үй тапшырманын темасы жана мөөнөтү электрондук почта аркылуу кабарланат. Окуучулар электрондук почтадагы шилтеме аркылуу үй тапшырманы ачып, берилген көнүгүүлөрдү онлайн аткара алышат.

Тапшырмаларды каалаган интернет браузери менен ачып, онлайн бүтүрсө болот.

Окуучулар...

Көнүгүүлөр...

...көнүгүүлөрдү Тест редакторунда тез жана оңой даярдап, аларды үй тапшырма катары берүүгө дагы болот. Жумушчу барактарына ар кандай суроолордун түрлөрүн кошуп, аткаруу убакытысын чектеп коюу дагы мүмкүн. Жумушчу барактарын дагы да кызыктуу кылуу үчүн көптөгөн даяр шаблондорду кодонууга болот.

Ошондой эле, көнүгүүлөрүңүзгө сүрөттөрдү, видеолорду жана аудио файлдарды кошсоңуз дагы болот.

Көнүгүүлөр...

3D үлгүлөрдөн даярдалган көнүгүүлөр

Көптөгөн 3D үлгүлөрдү автоматтык түрдө импорттоп, даяр тапшырма катары колдонууга же аларды Тест Редакторуна өткөрүп алып, каалгандай өзгөртүүлөрдү киргизүүгө болот. Кызыктуу тапшырманы даярдоодо сабактын темасына тиешелүү 3D үлгүнү тандап алып, тапшырманын түрүн жана көрүнүш стилин тандоо жетиштүү болот.

Тапшырмалардын ар кандай түрлөрү, ар кандай жолдор менен түзүлүшү мүмкүн (сүйрөп барып жайгаштыруу, белгилөө, боштуктарды толтуруу, дал келтирүү, туура жоопту тандоо). Жада калса тапшырманы жөнөтүүдөн мурун, зарыл болсо, аны Тест редакторунда оңдоп түзөөгө дагы болот.

3D үлгүлөрдөн даярдалган көнүгүүлөр

Автоматтык түрдө даярдалган көнүгүүлөр

mozaBookтун кээ бир куралдары автоматтык түрдө тапшырмаларды даярдап, аларды тапшырма редакторуна өткөрө алат. Мындайча айтканда, мугалимдер өтө кыска убакыттын ичинде түстүү жана кызыктуу жумушчу барактарын даярдай алышат.

Колдонгуңуз келген көнүгүүнүн үстүнө бир эле жолу басып Тест редакторуна экспорттоп, аны каалагандай оңдоп түзөтө аласыз. Өзүңүздүн тапшырмаларыңызды даярдоонун, сүрөттөрдү издөөнүн кажети жок, сизге керектүү куралды жана теманы тандоо гана керек, ушуну менен гана чектелесиз.

Автоматтык түрдө даярдалган көнүгүүлөр

Апталык машыгуу

Жумалык Көнүгүүлөр – бул ар жума сайын окуучуларга ылайыкташтырылган көнүгүүлөрдү жаратуучу комплекстүү курал. Сабакка, класска жана окуу жылына ылайыктуу жуманы тандап алгандан кийин программа ылайыкташтырылган тестти түзөт. Мугалимдер, ошондой эле, Суроо баракчасынын жардамы менен жумушчу барактарын түзө алышат. Ошондой эле, мурунку тесттердин жыйынтыгын дагы көрүүгө болот.

Апталык машыгуу

Кадам-кадамы менен аткаруу

Эгерде окуучулар тапшырмаларды аткаруу учурунда кыйынчылыктарга дуушар болушса, Word куралы, окуучуларга тапшырманы бүтүрүүгө жардам берет. Курал, берилген илимий тармактын эрежелерин так тааныгандыктан, тапшырмаларды даярдоодо жана аларды аткаруу учурунда ошол эрежелерди колдонот. Бул мүмкүнчүлүк, каалаган сандагы ыңгайлаштырылган тапшырмаларды даярдоого жана кадам сайын жоопторду көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Куралдар тапшырманын түрлөрүн автоматтык түрдө категорияларга бөлүп, каалаган илимий тема боюнча тапшырмаларды даярдай алат. Ошону менен бирге эле, мугалимдерге окуучулар үчүн жекелик тесстерди даярдоого мүмкүнчүлүк берет.

Кадам-кадамы менен аткаруу

Баалоо, статистика

Мугалимдер, берилген үй тапшырмаларынын аткарылышын статистика боюнча отчет түрүндө көзөмөлдөй алышат. Алар тапшырмалар качан кайра жөнөтүлгөнүн, ар бир окуучунун канча пайыз алганын көрө алышат, ошондой эле, ар бир окуучунун тапшырмаларына жазуу жүзүндөгү бааларды коё алышат. Эгер мугалим, тапшырманы аткарууда минималдуу өтүү упайын коюп койсо, окуучуларды баалоо процесси автоматтык түрдө ишке ашат.

Статистикалык отчетто, мугалимдер ар бир пункт боюнча туура жооптордун орточо санын көрөсөткөнү менен, мугалим окуучулардын жоопторун жеке көрө алат.

Баалоо, статистика