Куту
Сепетиңиз бош

Саны:
0

Баары:
0

3D үлгүлөр

интерактивдүү окутуу

3D үлгүлөр

Колдонуп көрүңүз, белгичени басыңыз

Интерактивдүү 3D үлгүлөр, билим алуунун уникалдуу жолун сунуштайт. Алар сабактарды кызыктуу жана натыйжалуу кылууга жардам берет. 3D үлгүлөрдү, биздин интерактивдүү китептерден, ошондой эле, темалар боюнча топтолгон Медиатекадан табууга болот.

Бир тема - бир нече көрүнүштөр

Ар бир 3D үлгү, бир теманы көрсөтүп турат. 3D үлгүлөрдөгү алдын ала коюлган бир нече үлгүлөр, окуучуларга теманы натыйжалуу түшүнүүгө жардам берет.

Ар кайсы көрүнүш, дайыма темага байланыштуу болот. Алар ар кандай болушу мүмкүн, мисалы, бөлүмдөр, скелеттер, чоңойтулуп көрсөтүлгөн бөлүмдөр, ар кандай иштөө принциптери, процесстер, же татаал түзүлүштөрдүн элементтеринин деталдуу көрүнүштөрү.

Бир тема - бир нече көрүнүштөр
Бир тема - бир нече көрүнүштөр

3D үлгүлөр, реалдуу жашоодо кароого же көрүүгө мүмкүн болбогон окуяларды жана процесстерди көрсөтө алат. Алар башка окуу материалдары же каражаттары камтыбаган деталдарды жана визуалдык тажрыйбаларды сунуштап, берилген маалыматты таңуулабастан, окуучуларга билимди оюн жолу менен үйрөтүүгө мүмкүндүк берет.

Ачылыштарды жасаңыз

Бардык 3D үлгүлөрдүн ар бир көрүнүшүн эркин айландырууга, кичирейтип же чоңойтууга болот. Ошондой эле, ар бир көрүнүштүн кошумча коштомо жазуулары жана түшүндүрмө тексттери дагы камтылган.

Көпчүлүк 3D үлгүлөр, баяндалган анимацияларды камтыйт. Алардын жардамы менен сиз берилген 3D үлгүнү жана теманы да таба аласыз.

3D анимациялардын бирдиктүү интерфейси дагы бар. Ал интерфейсте сиз аларды кантип колдонууну үйрөнүүнө аласыз.

Ачылыштарды жасаңыз

Көптөгөн 3D үлгүлөрдө, компьютер оюнуна окшош болгон көрүнүштөрдү изилдөөгө мүмкүндүк берген "Сейилдөө режими" бар. Смартфонуңузду колдонуп, виртуалдык көрүнүштөрдү изилдей аласыз. Ал үчүн телефонуңузду VR көз айнегинин ичине салып, Байыркы Афинада, Шекспирдин Глобус театрында, же ал тургай Айдын бетинде сейилдеңиз.

Ачылыштарды жасаңыз

Презентациялар үчүн колдонуу

Учурда ачык болгон 3D үлгүнүн ар кандай көрүнүштөрүн, mozaBook китебиңиздин же дептериңиздин барак бетине сүрөт катары киргизсеңиз болот. Киргизилген сүрөттүн өлчөмүн өзгөртүүгө, кесип же каалагандай жылдырууга дагы болот.

Кээ бир 3D үлгүлөрдүн интерактивдүү, айлануучу элементтерин окуу куралдардын жана китептердин барак беттерине ташып барса болот. Алар алкаксыз же фонсуз өз алдынча компонент катары иштей берет.

Презентациялар үчүн колдонуу
Презентациялар үчүн колдонуу
Презентациялар үчүн колдонуу Презентациялар үчүн колдонуу

3D үлгүлөрдөн даярдалган көнүгүүлөр

Көптөгөн 3D үлгүлөрдү автоматтык түрдө импорттоп, даяр тапшырма катары колдонууга же аларды Тест Редакторуна өткөрүп алып, каалгандай өзгөртүүлөрдү киргизүүгө болот. Кызыктуу тапшырманы даярдоодо сабактын темасына тиешелүү 3D үлгүнү тандап алып, тапшырманын түрүн жана көрүнүш стилин тандоо жетиштүү болот.

Тапшырмалардын ар кандай түрлөрү, ар кандай жолдор менен түзүлүшү мүмкүн (сүйрөп барып жайгаштыруу, белгилөө, боштуктарды толтуруу, дал келтирүү, туура жоопту тандоо). Жада калса тапшырманы жөнөтүүдөн мурун, зарыл болсо, аны Тест редакторунда оңдоп түзөөгө дагы болот.

3D үлгүлөрдөн даярдалган көнүгүүлөр

3D энциклопедиялар

20 томдук Click n' Learn сериясынын уникалдуу китептери, ар бир тема боюнча кыска, түшүнүктүү жана кызыктуу үзүндүлөрдү сунуштайт. Окуучулар китептериндеги QR коддорду колдонуп, 3D анимациялардын виртуалдык дүйнөсүнө оңой эле кадам таштап, ал тургай VR көз айнектери аркылуу виртуалдык керемет дүйнөнү кыдырып сейилдей алышат.

Билимди оюн түрүндө үйрөтүүгө мүмкүндүк берген публикациялар, окуучуларга илим, техника, тарых жана архитектура дүйнөсүн кеңири тааныштырып, өткөн замандарды жана келечекти, микроскопиялык дүйнөнү, адамдын денесин жана алыскы асман телолорун да изилдөөгө мүмкүндүк берет.

3D энциклопедиялар

Кайда колдонсом болот?

3D үлгүлөрдү компьютерлерде, планшеттерде жана уюлдук телефондордо да колдонууга болот. Ошондой эле, 3D үлгүлөрдү санариптик китептердин ичинен, же башка окуу материалынын жанынан жана тема боюнча топтоштурулган mozaBook жана mozaWeb медиатекадан табууга болот.

Медиатекадагы 3D үлгүлөр

Кайда колдонсом болот?

анатомиялык 3D атластар

2021-жылдын сентябрынан тартып, биздин санариптик анатомиялык платформа ишке киргизилди. Анатомиялык платформа, жүздөн ашык 3D объектилерди колдонуп, адамдын денесинин анатомиялык түзүлүшүн көрсөтөт, өзгөрүүлөрдү визуалдык түрдө байкоого жана хирургиялык ыкмалар менен таанышууга мүмкүндүк берет.

Платформа медицина, медайымдык жана физикалык терапия студенттери үчүн, ошондой эле, биология боюнча бүтүрүү экзамендерине даярданып жаткан жогорку класстын окуучулары үчүн анатомияны окутуунун заманбап бөлүмүн ачат. Платформа ноутбук, планшет жана смартфон сыяктуу күнүмдүк IT түзмөктөрүндө иштегендиктен, анатомияга же кандайдыр бир ооруларга кызыккан катардагы колдонуучулар дагы бул 3D үлгүлөргө сереп сала алышат.

анатомиялык 3D атластар